Ысык-Көлдө пирстин үстүнө курулган мончолор буздурулду

Аймак 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы "Марко-Поло" эс алуу жайындагы пирстин үстүнө курулган мончолор ээси тарабынан буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буздуруу иштери "Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" КР мыйзамына ылайык жана министрлер кабинетинин токтомунун негизинде ишке ашырылды.

Буга чейин Ысык-Көл региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыйтыярдуу түрдө демонтаж иштерин жүргүзүү боюнча эскертме берилген.

Пикир

Оставить комментарий