• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдө салбуурун боюнча республикалык оюндар өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда салбуурун боюнча республикалык Тоң оюндары өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюн 22-24-апрель күндөрү Тоң районунда өтүп, ага бардык аймактардан келген спортчулар катышат.

Мелдештин жүрүшүндө бүркүт салуу, ителги менен ылаачынды далбага ойнотуу, жөө жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, тайган жарыш боюнча оюндар болот.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Мелдештин жалпы байге фонду 370 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Салбуурун федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий