• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Хоккей: Кыргызстандын курамасы тандоо мелдешинин экинчи турунда утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо мелдешинин экинчи турунда утулуп калды.

Мелдеш кечээ Румыниянын Брашов шаарында аяктады.

Улуттук курама үч оюн өткөргөн. Биринчи оюнда Исландиянын командасына 9:4 эсебинде жеңилип калса, экинчисинде Румыниянын командасы 18:2 эсебинде уткан. Жыйынтыктоочу оюн Израилдин командасы менен болуп, кыргызстандын хоккейчилер 4:5 эсебинде артта калышкан.

Ошентип, Кыргызстан Олимпиадага жолдомо үчүн күрөшүн токтотту.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курамасы ноябрь айында Люксембургда өткөн тандоо турунун биринчи баскычынын жеңүүчүсү аталган.

Пикир

Оставить комментарий