Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн күндүз нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Суу районунда эгин талааларын жана турак жайларды суу каптаган.
Жерине ӨКМден техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.
Чыгымдар боюнча кошумча маалымат берилет.
Пикир
Оставить комментарий