• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ысык-Көлдө селден жабыркагандарга үйлөр курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Темир айылында селден жабыркагандарга үйлөр курула баштады. Бул Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ыоайык, министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Ысык-Көл районунун Тамчы айылына Мамкурулуш тарабанынан Royalsafa уюмунун демөөрчүлүгү менен 5 турак үйдүн курулушу башталды.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында 2024-жылдын август айында селден жабыркаган Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынган.

Чечим Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Ал жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү жана аларга керектүү жардам жана колдоо көрсөтүүнү камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий