• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдө "Слово божье" диний кыймылынын мүчөлөрү кармалды

Аймак 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзгөн 3 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ысык-Көл облустук ИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте "Слово божье" (Compel) диний кыймылынын мыйзамсыз диний-пропагандалык ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Тактап айтканда, тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринин аймагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аккредитациясы жок, мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзүшкөн 3 чет өлкөлүк жаран кармалды.

Чет мамлекеттин аталган жарандарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий