• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад облустук милициясы 9 ай ичинде аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык чыгарды. Облустук милициясынан билдиришкендей, кеӊешмеде айрым бөлүмдөр тарабынан кетирилген кемчиликтери көрсөтүлүп, тартиптик жазалар берилип, жетишпестиктерди жоюу талабы коюлду.

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын бетин ыкчамдык менен ачуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин мындан ары да жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Андан соң элдин милицияга болгон ишеничин арттыруудагы багыттар каралды. 2020-жылдын 9 ай ичинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 6 миң 593 кылмыш менен жорук катталган болсо, анын ичинен 3 681 кылмыш, 2 912 жорук.

Тергөө кызматынын статистикалык отчетунун негизинде 71,3% кылмыштын бети ачылган. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий