• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ысык-Көлдө "Түндүк – 2024" мобилизациялык машыгуусу аяктады – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөрүлгөн Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери менен "Түндүк – 2024" мобилизациялык машыгуусу аяктады.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгууга катышкан резервдегилер менен күжүрмөн ыкташтыруу этабын өткөрүүдөн кийин жана алар менен тактикалык, ок атуу, атайын даярдоо, байланышты уюштуруу жана РХБ коргоо боюнча сабактар өткөрүлгөндөн кийин өздүк курам курал-жарактарды, экиприовканы алып Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2028 аскер бөлүгүнүн окуу борборуна жөнөп кетишти.

"Түндүк-2024" машыгуусунун жабылуу аземине Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы - Генералдык штабынын башчысынын орун басары Уланбек Осмоналиев жана Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Рыскул Сагымбаев катышты.

Иш-чаранын соңунда жазылган курам куралдарды жана мүлктөрдү тапшырып, катталган жери боюнча облустун аскер комиссариаттарына кетишти.

Пикир

Оставить комментарий