• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ысык-Көлдө Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт

Саясат 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2018-жылдын 3-сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI Саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Саммитке Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун, Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу күтүлүүдө.

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан ардактуу мейман катары Саммитке катышышат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерге кол коюлат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммитине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Пикир

Оставить комментарий