• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 2024-жылдын 8-9-январында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Ведомстводон билдиришкендей, расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий