• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көлдө өтө турган ШКУ марафонунун жеңүүчүсү 210 миң сом байге алат

Спорт 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде 11-майда өтө турган Эл аралык Run the Silk road марафонунун байге фонду 1 млн. 918 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган басма сөз жыйында белгилүү болду.

XXII Олимпиадалык оюндарынын коло медалынын жеңүүчүсү Сатымкул Жуманазаровдун урматына арналган марафонго 3 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Уюштуруучулар үчүн Ысык-Көл трассасынын IAF’тин сертификатын алуусу артыкчылыктуу.

“Бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет жасайбыз. Марафонго баардык каалоочуларды чакырабыз. ШКУ өлкөлөрүнүн мыкты спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө. Байгелик орундарга кесипкөй спортчулардын арасында абдан жакшы атаандаштык болот”, - дейт марафондун дирекциясынын аткаруучу директору Мелис Надыров.

Иш-чаранын байге фонду:

Кыз-келиндер жана эркектер арасында абсолюттук жаш категориясы боюнча жеңүүчүгө 210 миң сом, экинчи келгенге 175 миң сом, үчүнчү келгенге – 140 миң сом, төртүнчү келгенге – 105 миң сом. Алтынчы жана жетинчиге - 70 миң жана 35 миң сомдон берилет.

Жарым марафондо 1-орунга 70 миң сом, 2-орун – 56 миң сом, 3 – 35 миң сом бөлүндү.

Ал эми Жуманазаров менен Ирина Богачеванын рекордун артта калтыргандарга 3 миң долларлык өзүнчө байгелик фонд түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий