Ысык-Көлдө тартип сакчылары унаасы карда калган үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Аймак 0


Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Күн мурун, 11-январда Ак-Суу районунда Ысык-Көл ОИИБнин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери унаасы менен карда калган үй-бүлөгө жардам беришти.

"Мерседестин" айдоочусунун айтымында, бул күнү ал үй-бүлөсү менен Качыбек айылындагы туугандарыныкынан чыгып, Каракол шаарындагы өз үйүнө жол алган. Катуу шамал менен кардан улам жолдо күрткү орун алып, унааны жолдун четине чыгарып жиберген. Унаада жашы жете элек эки бала бар болгон.

“Милиция кызматкерлери жолду тазалоого жардам берип, унааны алып чыгышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий