• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарын шаарына төрт троллейбус алып келинип, экөө каттамга чыкты

Аймак 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Нарын шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү максатында төрт троллейбус алып келинди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаардык мэриясынан алынган троллейбустарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом жумшалды.

Шаардык транспорт ишканасынын базасына алынган төрт троллейбустун экөө каттамга чыгып, дагы экөө каттамга чыгуу үчүн даярдыкта турат.

"Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев шаарда коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгын белгилеп, дагы РТС, Москва, Батыш чөлкөмдөрүндөгү жашоочулардын муктаждыктарын камсыздоо максатында электробустарды алып келүү менен коомдук транспорттун кызматынан пайдалануучу жарандарга шарт түзүү аракеттерин жакшыртууну белгилеп, транспорт ишканасынын жетекчиси Д. Өмүрбековго коомдук транспорт менен камсыз кылууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, троллейбусттарды алып келүү аркеттерин шаардык транспорт ишканасынын кызматкерлери көрүшүп, президенттин Нарын облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов колдоо көрсөтүп, Нарын шаардык Кеңеши каражат бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий