• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ысык-Көлдө өткөн Улуттук суу форумунда бир катар чечимдер кабыл алынды

Экономика 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдө өткөрүлгөн климаттын өзгөрүү шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо боюнча Улуттук суу форумунда учурдагы жана келечектеги көйгөйлөргө олуттуу көңүл бурулуп, бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Форумда — өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктары жана келечеги, аны чечүүнүн илимий-практикалык жолдору, суу ресурстарынын жана мөңгүлөрдүн учурдагы абалы, климаттын өзгөрүүсүнүн өлкөнүн суу ресурстарына тийгизген таасири, суу ресурстарын соолуудан жана булгануудан сактоо, калктын ден соолугун коргоо, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу боюнча инвестициялык демилгелерди колдоо жана суу ресурстарын башкаруу милдеттери талкууланды.

Ошондой эле суу форумунун жыйынтыгы боюнча көп тараптуу кызматташуу жөнүндө декларацияга кол коюлду. Декларациянын максаты — Кыргызстанда суу секторун, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоону, санитарияны жана ирригацияны координациялоого, натыйжалуу өнүктүрүүгө жана башкарууга көмөктөшүү болуп саналат. Бул жагдай Ысык-Көлдү сактап калууга гана эмес, биздин жарандардын жашоосун жакшыртууга, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, экинчи ирет өткөрүлүп жаткан быйылкы Улуттук суу форуму Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгесинин негизинде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өткөрүлдү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жана Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын мүчөлөрү, БУУ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Германия, Франция, Нидерланды, Сербия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий