Ысык-Көлдө ТМУнун эл аралык бизнес-инвестициялык форуму башталды

Аймак 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык бизнес-инвестициялык форуму башталды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан, ошондой эле байкоочу өлкөлөр – Венгрия, Түндүк Кипрден жана Европа палаталарынын өкүлдөрү чогулушту.

Форумда Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, продукцияны ТМУнун катышуучу жана байкоочу өлкөлөрүнүн аймагына экспорттоо, экологиялык жактан таза продукцияны жайылтуу, жашыл энергетиканы өнүктүрүү келечегин талкуулашат. Ошондой эле IT тармагын өнүктүрүү, заманбап чакырыктардын шартында банк секторун трансформациялоо чөйрөсүндөгү маселелер каралат.

Белгиленгендей, форумдун алкагында катышуучу өлкөлөрдүн ишкерлеринин B2B форматындагы жолугушуулары өтөт. Бул жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Пикир

Оставить комментарий