Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Чолпон-Атьа шаарында (Ысык-Көл) “триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионаты” өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Мелдеш “Каприз” эс алуу борборунда 7-8-июль күндөрү өтөт.
Маалыматка ылайык, турнир “Олимп” аралыгында өткөрүлөт.
1,5 чакырым сүзүү – 40 чакырым веложарыш – 10 чакырым чуркоо, сүйүүчүлөр үчүн - “AGE” категориясы жана эстафета.
Андан тышкары өспүрүмдөр арасында “Супер принт” аралыгы боюнча; 300 м сүзүү, 8 чакырым веложарыш жана 2 чакырым чуркоо.
Толук маалымат www.triathlon.kg. сайтында.
Пикир
Оставить комментарий