• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милиция бир айда 33 мыйзам бузууну аныктады

Аймак 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Январь айында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы тарабынан облус аймагында 33 кылмыш жана укук бузуулар аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 мыйзамсыз аңчылык, 6 мыйзамсыз балык уулоо, 8 мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу, 3 факты суулардын булганышы жана башкалар. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 9 ок атуучу курал алынган, алардын ичинен 2 сайлуу жана 7 сайсыз курал болуп саналат.

"-Туристтик-экологиялык милициясынын иши бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга, браконьерликке, таштандыларды жана биологиялык калдыктарды санкцияланбаган өрттөөгө жана экология чөйрөсүндөгү мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерине каршы келген башка аракеттерге бөгөт коюуга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, туристтик сезон учурунда чет өлкөлүк туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле облустун аймагында коопсуз эс алуу боюнча консультация берүү милдеттери да кирген.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын взводунда милициянын 42 кызматкери кызмат өтөп, алар тийиштүү формалык кийим жана атайын техника менен камсыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий