• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош мэри жазгы тазалоо иштерин күчөтүү боюнча катуу талаптарды койду

Аймак 0

Бишкек, 26.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев вице-мэрлер, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештин төрагалары менен биргеликте шаардын тазалыгын, жазгы жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин текшерди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, рейддин жүрүшүндө, А.Кадырбаев шаардын бир нече кичи райондорун кыдырып, жолдордун, арыктардын, көчөлөрдүн жана сейил бактардын тазалыгын текшерди.

Анын негизинде, шаардагы айрым сейил бактардын түнкү жарыктандыруу системалары толугу менен иштебей тургандыгын, арыктардын жана көчөлөрдүн тазалыгын сынга алып, жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

“Оштун тазалыгы, көрктүүлүгү шаарыбыздын жүзү. Ошондуктан ар бир мекеме ишканалардын кызматкерлери, шаардын тургундары шаарыбызга өз үйүндөй мамиле кылышы керек. Шаардын тазалыгын, жазгы 3 айлык жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баргыла. Бүгүнкү көргөн кемчиликтерди, көчөлөрдүн, арыктардын тазалыгын, түнкү жарыктандыруу системаларын калыбына келтирүү үчүн 3 күндүк мөөнөт берем. Ар бир аймактык кеңештеринде элдере түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү ишканалар менен чогуу иш алып баргыла”,-деди А.Кадырбаев.

Мындан сырткары, аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары тиешелүү деңгээлде иш алып барбай жаткандыгын айтып, катуу эскертүүлөрдү берди.

Ошондой эле, Айтмамат Кадырбаев шаардагы көрнөк жарнактардын ирээттүүлүгүн, көчө боюнда жайгашкан соода түйүндөрдүн мыйзамдуулугун текшерип, соода түйүндөрдүн алдын таза кармоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий