• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктарды 5-мартка чейин кандай аба ырайы күтөрү маалым болду

Коом 0

Бишкек, 26.02.18. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. ӨКМ кызматы 27нен 5-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 27-февралда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-мартта күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-мартта күндүз айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

2-3-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-5-мартта туруксуз аба-ырайы сакталып турат, айрым жерлерде жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий