• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев Лейлектин Арка массивиндеги насостук станциянын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Лейлек районунун Арка массивин сугат суу менен камсыздаган Кайракум суу сактагычындагы насостук станциянын иши менен таанышты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, насостук станция 1982-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. 42 жылдан бери райондун Арка өрөөнүн сугат суу менен камсыздап келүүдө.

Ирригациялык обьекттин суу астындагы бөлүгү 2013-жылы ремонттон өткөрүлгөн. Ал эми суу бетиндеги калкып турган биринчи каскадын 2024-жылга капиталдык оңдоп түзөө пландалган. Ал үчүн республикалык бюджетен 17 млн сом каралган. Анын 200 миң сому насостук станциянын суу астындагы бөлүгүн, ультра үндүү текшерүү жүргүзүүгө жумшалат.

Бакыт Төрөбаев каскаддын абалын көрүп чыгып, тийиштүү адистер тарабынан 2024-жылдын 1-кварталына изилдөөлөрдү жүргүзүү менен, экинчи кварталга оңдоп түзөө иштерин аяктоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий