• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдө Туура-Суу – Темир – Канат жолу калыбына келтирилүүдө

Аймак 0


Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев – Көл-Төр – Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу – Темир – Канат тилкесинде жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мында 21-август күнү Тоң районундагы Зындан көлү жарылып, айылды каптоо коркунучу жаралгандыктан Туура-Суу – Темир – Канат жолун жаап, суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн. Ал эми жеңил унаалар Тогуз-Булак жана Ак-Сай – Көк-Сай альтернативдик жолу менен өтө баштаган.

"Учурда жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда. Кийинки кадамдар кырдаалга жараша жасалат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий