• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жылкыбаев: Учурда Ош облусунда өпкөнү жасалма дем алдыруучу 186 аппарат бар

Аймак 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Ош облусунда өпкөнү жасалма дем алдыруучу 186 аппарат бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев "7-каналдын" түз эфиринде облуста киргизилген акыркы чектөөлөр тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтуусуна караганда, облуска өкмөт тарабынан 50 даана кычкылтек концентратору бөлүнгөн, бүгүн кечинде да 50 даана алынып келиши күтүлүүдө.

"Абал курчуп турган кезде керектүү жабдуулардын тартыштыгы байкалды. Учурда демөөрчүлөр тарабынан кычкылтек концентратору алынууда. Ошондой эле айыл өкмөттөрү, райондор өз бюджеттеринен сатып алууда. Ар бир айылга бир-экиден кычкылтек концентраторун жеткирүүгө аракет кылуудабыз. Бир аптанын ичинде бул боюнча маселе болбойт деп ишенем", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий