• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көлдүн Тамчы айылында унаа окуучу баланы өлтүрө сүзгөн

Кырсык 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Тамчы айылында унаа окуучу баланы өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 23-июлда саат 22.00дөр чамасында орун алган.

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 38-чакырымында Бостери айылынын 1984-жылы туулган Т.Н. аттуу тургуну “Тойота Клюгер” үлгүсүндөгү унааны менен бара жатып, капысынан жолго чыга калган жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ал Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылынын 2011-жылы туулган К.Д. аттуу тургуну болгон.

Белгиленгендей, жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий