• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Ата районунун Ивановка айылында турак үйдөн ири өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда “112” кызматына Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын Токмок көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин бастырмасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 02:43тө Ысык-Ата райондук №4 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм, саат 02:57 жогоруда аталган райондон №27 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпысынан 2 бөлүм тартылган.

Такталган маалыматка ылайык 3:51де чектөөгө алынып, учурда өчүрүү иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда 20 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылга.

Пикир

Оставить комментарий