• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдө VI Кыргызстан-Россия экономикалык форуму өтүүдө

Экономика 0

Ысык-Көл, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Ысык-Көлдүн Бостери айылында VI Кыргызстан-Россия экономикалык форуму өтүүдө.

Иш-чаранын расмий ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, эки өлкөнүн министрликтеринин жана мекеме-уюмдарынын жетекчилери, банк секторунун өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

13-сентябрга чейин созула турган экономикалык форумга миңге жакын делегат келген.

Алар Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашат.

Форум өнөр жай кооперациялардын, банктык жана каржылык чөйрөлөрдүн байланыштарын бекемдөө, экономиканын бардык секторлору боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берүү максатын көздөйт.

Форумдун алкагында панелдик сессиялар өтөт. Анда каржы секторун өнүктүрүү, Кыргыз-Россия технопаркы, энергетика, Кыргызстандын туризминин инвестициялык шарты, текстиль жана тигүү тармагынын соода жана инвестициялык потенциалы тууралуу талкуулар да болот.

Ошондой эле иш-чарада B2B жолугушуулары өткөрүү үчүн атайын аянтчалар бар. Мында эки мамлекеттин бизнес өкүлдөрү узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча маектешет.

VI Кыргызстан-Россия экономикалык форуму Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий