• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө жаңы жол белгилери орнотулду

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туристтик жайларга жол белгилерин коюуну улантууда.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул жолу Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы белгилер орнотулду.

Алар эл арасында "Темирландын таштары" деп аталган Сан-Таш комплексине багыттайт. Аралыгы тоо көлү Көл-Төргө чейин, Аксы районунан Жергез капчыгайына чейинки аралыкты көрсөтөт. Жети-Өгүз району үчүн да көрсөткүчтөр даярдалды. Алар Жууку, Кызыл-Жар капчыгайларын жана Чоң-Кызыл-Суу ысык булактарын көрсөтүп турат. Бул жердеги белгилер жол иштери аяктагандан кийин орнотулат.

Ысык-Көл инфонавигация боюнча долбоордун алкагында туристтик белгилерди орноткон үчүнчү облусу. Буга чейин Нарын жана Чүй облустарынын жолдоруна белгилер коюлган.

Пикир

Оставить комментарий