• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан менен Европа Биримдиги жигердүү кызматташтыкты улантууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Тышкы иштер министрлигинде Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча координациялык кеңештин 18-отуруму өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, отурумга кеңештин мүчөлөрү – Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана элчи Мэрилин Йосефсон жетектеген Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн делегациясы катышты.

Отурумда координациялык кеңештин мүчөлөрү жана Евробирликтин делегациясы 2021-2027-жылдарга карата Европа Биримдигинин Кыргызстан үчүн Көп жылдык индикативдик программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар санариптик трансформация, билим берүү, мыйзам үстөмдүгү жана юстиция системасын колдоо, жашыл экономика, ошондой эле калктын саламаттыгын, коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу чөйрөлөрдө эки тараптуу долбоордук-программалык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Координациялык кеңеш тараптардын Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы жигердүү кызматташууну улантууга даярдыгын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий