Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 10-мартта болжол менен саат 15:23тө катталган.
Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Ала-Баш айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий