• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын жакындары каза болду

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Күн мурун, 17-июлда Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жол кырсыгынан каза болгон Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана жакын туугандарынын кайгылуу өлүмү тууралуу кабарды Тышкы иштер министрлигинин жамааты терең кайгыруу менен кабыл алды.

"Бул оор учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын жамааты Аида Камчыбековнага, каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, мындай орду толгус жоготууну башынан өткөрүп жаткан учурда сабыр жана кайрат тилейт, ошондой эле кырсыктан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Министрлик каза болгондордун жакындары жана туугандарынын аза-кайгысын тең бөлүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий