• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көлгө 6 млн карп-сазан чабактары кое берилди

Коом 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Балык өнөр жай комплекси департаментинин Тоң балык өстүрүү заводу тарабынан Ысык-Көлгө карп-сазан чабактары кое берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, чабактарды чыгаруу боюнча иш-чаралар Ысык-Көлдүн №21 жана №37 балык уулоо тилкелеринде жүргүзүлүп, жалпысынан 6 млн карп-сазан чабактары кое берилди.

Ошондой эле Түп булуңу балык уулоо тилкесинде "Ысык-Көл плюс" балык өстүрүү айыл-чарба кооперативи 5 млн карп-сазан чабактарын чыгарган.

Белгилей кетсек, чабактарды кое берүү иш-чарасы кызыкдар тараптардын катышуусу менен комиссиялык түрдө, зарыл актыларды түзүү менен жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий