Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда Каракол шаарында көлгө чет элдик жаран чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Адам сууга чөккөнү тууралуу маалымат “112” кызматына саат 12:45те түшкөн. Куткаруучулар чөгүп кеткен адамдын сөөгүн 13:20да суудан алып чыгышкан.
Болжол менен 25-30 жаштагы Е.А. аттуу жигиттин сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Пикир
Оставить комментарий