• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сеулдагы Глобалдык жаштар программасы. Иш-чарага кыргыз жаштары да катышууда

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бүгүн Түштүк Кореянын Сеул шаарында Дүйнөлүк жаштар программасы (9th Youth Global Leadership program) өтүүдө. Иш-чара “Азия кайрымдуулук борбору” тарабынан 9-ирет уюштурулуп жатат. Ага аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев баш болгон Кыргызстандын лидер жаштарынан куралган делегация да катышууда.

Белгилүү болгондой, иш-чара “Азия кайрымдуулук борбору” (Asia charitу center) тарабынан 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жолу Дүйнөлүк жаштар программасына Кыргызстандан сырткары, Монголия, Таиланд, Филиппин жана Индонезиядан келген жаштар катышып жатат.

Иш-чара 5 күнгө созулат. Алгачкы күнүндө Кореянын тарыхы, маданияты, дүйнөлүк экономика жана лидерлик сапат боюнча окутуулар болууда. Окутууну Кореянын философия илиминин докторлору өтүп жатат.

Алдыңкы күндөрү тажрыйба алмашуу менен бирге, программага катышып жаткан делегациялар өз өлкөсүнүн маданияты менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгү болот.


Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Уюмдун негизги максаты: Балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий