• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлгө карп-сазан балыгынын 1,7 млн чабагы коё берилди

Аймак 0


Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. 13-18-сентябрь аралыгында Ысык-Көлгө карп-сазан балыгынын 1,7 млн чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Чабактар Балык өнөр жай комплекси департаментинин адистери, тийиштүү мамлекеттик кызматтын жана жарандык коомдун катышуусунда Ысык-Көл көлүнүн төмөнкү тилкелерине коё берилди:

- Ысык-Көлдүн №40-тилкеси, Түп суусунун куймасына - 500 миң даана;

- Ысык-Көлдүн 7, 13-тилкелерине - 1 млн 200 миң даана.

Жалпысынан азыркы учурга карата коё берилген карп-сазан балыгынын чабактарынын саны 1 млн 700 миңди түздү.

Белгиленгендей министрликтин Балык өнөр жай комплекси департаментинин 2024-2025 жылдарга карата түзүлгөн иш-чаралар планынын негизинде республиканын балык чарба маанисиндеги көлмөлөрүн балыктын баалуу түрлөрүнүн чабактары менен балыктандыруу иш-чарасын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий