• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясынын көчмө кабылдамасы менен өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-21-май күндөрү милициянын участкалык кызматкерлери балдар менен иштөө инспекциясы, ӨКМ өкүлдөрү жана социалдык адистер менен биргеликте Тайгараев айыл аймагынын айылдарында жашаган жергиликтүү тургундардын арасында аба ырайынын ысышы жана жай мезгилинин жакындашы менен сууга чөгүүлөрдүн алдын алууга, өспүрүмдөрдү жол эрежелердин сактоого жана ар кандай күтүлбөгөн кырсыктардан оолак болууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле айыл ичиндеги кооптуу болгон көлмөлөргө, шар аккан сууларда кооптуу жайларда сууга түшпөөгө чакыруу максатында эскертүү кагаздары илинди.

Андан сырткары, жаш өспүрүмдөр арасында балдарды патриот болуп мекенчилдикке, атамекенди, эл-жерди сүйүүгө үндөө максатында, мектеп окуучулары арасында аскерге чейинки даярдык боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, мектептердеги быйылкы бүтүрүүчү 9-11-класстын окуучуларына жана ата-энелерине жыйналыштар өткөрүлүп, анда бүтүрүүчү кечелерин, тоо койнунда эс алууга, ата-энесинин автоунааларын айдоого, ар кандай химиялык зат аралашкан зыян нерселерди чекпөөгө чакырып, бул күндөрү милиция тарабынан катуу көзөмөл болору, эгер аныкталса мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Бул иш-чараларды утурлай аталган кызматтар менен биргеликте шаардын Сузак району менен чектеш аймактарында эки айылдын өспүрүмдөрү арасында топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында "Түнкү өспүрүм" аталыштагы рейд өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө саат 22:00дөн кийин максатсыз жүргөн 7 өспүрүм аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий