• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Билим берүүнүн мыктысы Акунжан Абдрашев 67 жаш курагында дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 22-майында профессор, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик кызматтын мыктысы, билим берүүнүн мыктысы жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси Акунжан Абдрашев 67 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Акунжан Абдрашев 1955-жылы 18-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келген.

Ал 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетине тапшырып, 1978-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1978-1986-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 атайын техникалык орто окуу жайында тарых мугалими, директордун орун басары, 1986-88-жылдары Жалал-Абад шаарында компартиянын шаардык комитетинде парткабинеттин башчысы,1988-1994-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору, 1994-2000-жылдары Жалал-Абад шаарынын Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, 2000-2001-жылдары Жалал-Абад шаарынын акиминин орун басары, 2001-2005-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси, 2006-2011-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

2011-жылдын 22-сентябрынан 2016-жылга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган.

Акунжан Абдрашев - 40тан ашуун илимий (анын ичинде эки илимий монография) макаланын автору. Ал КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис катары маалым.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Пикир

Оставить комментарий