• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 8-март – Аялдардын эл аралык күнүн утурлай майрамдык салтанат өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, саамалыкка облустун район-шаарларынан келген 120 аял катышты. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, мамлекеттик кызмат жана башка бир катар тармактарда ийгилик жаратып келе жаткан айымдар, Баатыр энелер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев катышып, айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

"Аялзаты -эне, жашоо башаты, үйдүн куту! Урматтуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар! Жаркыраган жаздын жылуу илеби менен кошо келген майрам–аялзатынын мээримдүүлүгүн, назиктигин жана сулуулугун айгинелейт.

Элибизде эзелтен кыз баласын дайыма төргө чыгарып, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. Айымдар бар үчүн жергебизде балдардын күлкүсү угулуп, үй-бүлөбүз ырыскыга толуп турат. Кадырлуу айымдар! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө амандык каалайм! Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин!"–деди, АбсаттарСыргабаев.

Салтанатта Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан майрамдык концерт тартууланды.

Жалал-Абад облусунда жалпы 1 млн 282 миңден ашуун адам болсо, анын 49,6 пайызын аялдар түзөт. Облуста 9 миң 915 Баатыр эне, 3 миң 79 Эне даңкын алган көп балалуу аялдар бар.

Пикир

Оставить комментарий