• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысыктан улам ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок – муфтият

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Ысыктан улам ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Муфтияттан белгилешкендей, 6 миңден ашык кыргызстандык зыяратчы пландын негизинде ажылык сапарда жүрөт.

"Ажылыкка кеткен кыргызстандык зыяратчылар 22-июндан тарта мекенибизге кайта башташат. Алардын алгачкы тобу Оштогу аэропортко келет. Быйылкы жылы 6060 жараныбыз Сауд Аравияда ажылык амалдарын аткарып жүрүшөт”, - дешти муфтияттан.

Белгилей кетсек, Сауд Аравиядагы ысыктан улам ажылык учурунда кеминде 550 зыяратчы каза болгондугун AFP маалымат агенттиги дипломатиялык чөйрөлөрдөгү өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, каза тапкандардын сөөктөрү Меккедеги өлүкканаларга жеткирилди. 550 зыяратчынын 323ү Египеттин жарандары болуп чыкты.

Меккедеги абанын температурасы ажылык сапардын маалында дээрлик 50 градус Цельсияга жетет. Өлүм көбүнчө ысыктан же элдин көптүгүнөн болору айтылууда. Меккеде ушу тапта 1,8 млндон ашык зыяратчы жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий