• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ысырапсыз салтанат жана сөөк коюу. Бишкекте кафелердин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Бишкекте акимчиликтер кафелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында жыйын өтүп, ага Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, райондун имам-хатиби, МАБ жетекчилери, ошондой эле район аймагында жайгашкан "Дияр", "Фаризат", "Мансур", "Версаль» тойканаларынын жана башка ири кафелердин, чайканалардын, өкүлдөрү катышты.

Жыйында ысырапкорчулуктун алдын алуу жана салтанаттуу үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, маркумдардын элесине арналган эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү президенттин "Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууга багытталган муниципалдык администрациянын иш-чараларын колдошту.

Жыйындын жыйынтыгында МАБ жетекчилерине үй-бүлөлүк эскерүү жөрөлгөлөрүн жана маркумдун жаркын элесине арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий