• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Боронов азык-түлүк жана айыл чарба жумуштарына байланыштуу эч кандай маселе жок экенин билдирди

Коом 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө азык-түлүк жана айыл чарба жумуштарына байланыштуу эч кандай маселе жок экенин билдирди.

"Учурда өлкөдө азык-түлүк менен камсыздоодо эч кандай маселе жок. Бааларды жогорулатпоо боюнча иштер жүрүп жатат. Калктын аярлуу катмарына жардам берүү боюнча иштер аткарылууда. Бул багытта 10 миң тоннага чейин ун бөлүнгөн. Анын 5 миң тоннасын бөлүп берүү боюнча график түзүлүп, иштер жүргүзүлүүдө. Сырттан азык-түлүк түрүндө келген жардамды бөлүштүрүү боюнча чечимдер кабыл алынган", - деди ал.

Анын менен бирге ал айыл чарба жумуштары боюнча коменданттарга, жергиликтүү бийликке, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүнө тапшырмалар берилгенин айтып өттү.

"Өлкөдө айыл чарба жумуштары боюнча эч кандай маселе жок. Айыл чарба иштерин жүргүзүү боюнча коменданттарга, жергиликтүү бийликке, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилген. Айыл чарба техникасынын карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтүшү уюштурулган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий