Өзүн төраганын жардамчысы катары тааныштырган. УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 30-мартында УКМК тарабынан өзүн УКМКнын кызматкери жана төрагынын жардамчысы катары тааныштырып элдин ишенимине кирип алып мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген Эрматов Осмонали Абдулхашимович аттуу жаран кармалды.

УКМКдан белгилешкендей, 2022-жылдын январь айында аталган адам Суранов Равшан аттуу Тажикистандын жараны аркылуу Сарыбаев Жангазы Алибаевичтин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7500 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошондой эле Эрматов О.А. КР УКМКнын Борбордук аппаратында иштегенин, анын иш бөлмөсү КР УКМК төрагасынын иш бөлмөсүнө жакын жайгашкандыгын билдирген.

Бул факты боюнча О.А.Эрматовго карата 2022-жылдын 30-мартында КР УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий