Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Президент Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттары көтөргөн маселелерге жооп берип жатып, шайлоочулардын шайлоо процесстерине катышуусу маселесине токтолду.
Мамлекет башчысы кыргызстандыктар шайлоого начар катышып жатканын айткан делегаттардын жүйөөлөрүнө макул болду. Президент жергиликтүү кеңештерге болгон соңку шайлоолор 30 пайызга жетпеген шайлоочулардын катышуусун көрсөткөнүн белгиледи.
Садыр Жапаровдун айтымында, аксакалдар жаштарды үгүттөп, шайлоого катышуунун маанилүүлүгүн жана алардын туура тандоосун түшүндүрүп, алар менен иштешүүсү керек.
"Өзүңөр шайлоого барбай, анан шайланган депутаттын ишине нааразы болбогула. Бүгүнкү күндө бардык шайлоо системасы автоматташтырылган жана ага шайлоо участогуна баруу жана добуш берүү процессинин кошкондо эң көп дегенде 30 мүнөт гана талап кылынат", - деди президент.
Пикир
Оставить комментарий