• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Замирбек Базарбеков Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар сот тутуму менен Адвокатуранын ортосундагы өз ара кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Төрага өз сөзүндө, соттук териштирүүгө катышуучулардын өз ара кесиптик жоопкерчилигин киргизүү жана күчөтүү аркылуу сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, жарандардын жана юридикалык коомчулуктун жалпы маданиятын калыптандырууга багытталган бирдиктүү максатты тараптар көздөшө тургандыгын белгиледи.

Замирбек Базарбеков бул Меморандумда чагылдырылганын, ага Жогорку сот, Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги, ошондой эле КР Адвокатурасы кол койгондугун жана аталган документтин жоболорун аткарууну биргелешкен аракеттер менен активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Мейил Бегилерова конструктивдүү мамиле түзүү үчүн сот системасы менен активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады, бул жыйынтыгында судьялардын да, адвокаттардын да кадыр-баркын көтөрүүгө мүмкүндүк берет жана ошондой эле сот процессинин катышуучуларынын укуктарын натыйжалуу коргоого өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий