• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маданият тармагындагы кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Москва шаарында Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова Россиянын Маданият министринин орун басары Алла Манилова менен жолугушту.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, жолугушуу 6-мартта Москвада өткөн “Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу” аттуу Биринчи кыргыз-россия аялдар форумунун алкагында болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана искусство тармагындагы кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулап, эки өлкөнүн театрларынын жана башка маданий мекемелеринин адистери менен кызматкерлеринин ортосунда маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча пикир алышты.

Кыргызстандын 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги төрагалыгынын алкагында А.Аскарова өзүнүн кесиптешин жана россиялык делегацияны ушул жылдын күз мезгилинде Кыргызстанда өтө турган КМШга мүчө-мамлекеттердин жаштарынын Он жетинчи дельфий оюндарына катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий