• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Зардалынын абалы: Билим берүү министрлиги китеп маселеси чечилгенин айтты

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Зардалы айылындагы мектептеги абал боюнча Баткен районунун билим берүү башчысы Олжобай Мажилимовдун маалыматынын негизинде билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, айылда 10 түтүн калк жашайт. 2024-2025-окуу жылында 2-класста бир окуучу, 3-класста 3 окуучу билим алууда. Мектепте директор жана башталгыч класстарынын мугалими эмгектенет. Англис жана орус тил мугалими декретке чыкканына байланыштуу орун бош.

“Учурда окуу китептери менен камсыздоо боюнча маселе чечилди. Жол шарты катаал болгонуна байланыштуу мектепке жумасына 7-10 күндүк тамак-аш жеткирилип турат.

Айылда зым өткөрүүчү электр энергиясы жок болгондуктан интернет байланыш туташтырылган эмес. Айыл өкмөтү орноткон зымсыз интернет байланышы үчүн жабдыкты оңдоп-түзөө маселеси бар”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ал эми башталгыч мектепти бүткөндөн кийин окуучулар Кара-Бак жана Чет-Кызыл айылдарында билимдерин улантышары белгиленди.

Эске салсак, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Зардалыда мугалимдер, мектеп окуучуларына окуу китептери жетишсиз экенин, мектеп бир канча убактан бери директору жок иштеп жатканын, уюлдук байланыш, интернет иштебей турганын билдирген. Ал Зардалы айылынын жашоочуларынын медициналык жардам жана балдардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздоо керектигин айтып, катаал шарттарда жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө мамлекеттик органдарга кат жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий