• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Япониядан келген адистер Бишкектин 3 ЖОЖунда мугалимдер үчүн ачык лекция өтүштү

Коом 0

Бишкек, 06.11.17. /Кабар/. Бишкектин 3 ЖОЖунда япониядан келген адистер атайын япон тилдүү мугалимдер үчүн ачык лекцияларды өтүштү. Бул тууралуу Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Япония менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн.

Лекцияны Борбор Азия өлкөлөрү менен маданий алакалар боюнча Япония фондунунан келген делегаттар окушту.

Алар;

  • Япониянын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси – Акио Кавато,
  • Япон фондунун Урава институтунун япон тили боюнча мурдагы аткаруучу директору – Сузуко Нишихара,
  • Токио университетинин Ардактуу профессору – Хисао Комацу.

Иш-чаранын уюштуруучулары Япон фонду жана Япониянын Кыргызстандагы элчилиги.

Пикир

Оставить комментарий