• 89.43
  • 96.86
  • 0.95

Өзбек бийлиги ишкерлердин 26 миллион доллар карызын кечти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Ташкентте салык жана каржылык айыппулдар боюнча мамлекетке 219,7 миллиард сум (26 миллион доллардан ашык) бересеси бар 1815 жеке ишкердин карызы кечилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Мамлекеттик салык кызматына шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, бул ишкерлер карыздары менен айыппулдарын жаба албай калгандыктан, бизнестерин токтотууга аргасыз болушкан.

Ташкенттин Учтепин районунда ишкерликке кайра кайтып келген 524 кишинин 30,3 миллиард сум (4,6 миллион доллар), Алмазар районунда 229 ишкердин 80 миллиард сум (95 миллион доллар) карызы кечилген.

Өлкөнүн Салык кызматы салык боюнча бересеси бар ишкерлерди 1-июлга чейин белгиленген тартипте карыздардан кутулуп, ишмердүүлүгүн калыбына келтирүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий