Ташкент, 18.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Быйыл Өзбекстан 5,2 млн жаранды жумуш менен камсыз кылып, 1,5 млн адамды жакырчылыктан чыгарууну максат кылууда. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында жаңы ыкмаларды колдонуу аркылуу жумуш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу маселелерине арналган жыйында айтылды, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Президенттин айтымында, биринчи жолу өлкөнүн 60 району жана шаары жакырчылыктан жана жумушсуздуктан таза аймактар деп жарыяланат.
"2025-жыл жумушсуздукту жана жакырчылыкты кыскартуунун чечүүчү жылы болот жана мен сунушталган чараларды ишке ашырууга системалуу жана максаттуу мамилени камсыздоо боюнча тапшырмаларды бердим", - деди Шавкат Мирзиёев.
Сунушталган демилгеде банктар менен чогуу 1,5 миллион адамды туруктуу жумуш менен камсыз кылуу жана 2 миллиондон ашык жаранды бизнеске тартуу пландаштырылууда. Бул максаттар үчүн быйыл чакан бизнес долбоорлоруна 120 трлн сум (9,2 млн доллардан ашык) кредиттик каражаттарды бөлүнмөкчү.
Чет элдик тажрыйбанын негизинде жакырчылыкты кыскартуунун жаңы ыкмалары 32 багытта ишке ашырылат. Тактап айтканда, махаллаларда күн электр станциялары курулат, дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүүчү токой жана питомник жерлери түзүлөт, конок үйлөрү жана коомдук тамактануу жайлары, ошондой эле электрондук соода борборлору ж. б. ачылат
БУУнун Өзбекстандагы жакырчылык индекси 2023 отчетуна ылайык, өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 2000-жылдагы 24%дан 2023-жылы 11,5%га түшүп, 2,2 миллион адамды жакырчылыктан чыгарды.
Бүгүнкү күндө Өзбекстандын калкынын саны 37 миллиондон ашат.
Пикир
Оставить комментарий