• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өзбекстан 1-сентябрга чейин эл аралык каттамдарды токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.08.20. /кабар/. Uzbekistan Airways авиакомпаниясы 16-31-август аралыгында мурда пландалган эл аралык каттамдар менен жергиликтүү каттамдардын бир бөлүгүн токтотту.

Авиакомпаниянын маалымат кызматы билдиргендей, чартердик каттамдар мурда жарыяланган график боюнча иш алып барат.

Маалыматта бул эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аргасыздан көрүлүп жаткан чара экени айтылат.

Билеттин акчасын кайтарып алуу же 1-сентябрдан кийинки мөөнөткө жылдыруу тартиби компаниянын сайтында көрсөтүлгөн.

Uzbekistan Airways компаниясы 16-августтан тартып Ташкент, Нукус, Термез жана Ургенчке аба каттамдарын жандандырган.

Бул арада жакын арада АКШ, Түштүк Корея, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Беларустан өзбекстандык жарандар чартердик каттамдар менен келери белгилүү болду.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин билдиришинче, 15-30-август аралыгында 23 чартердик каттам жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий