• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстан Афганистанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. 23-декабрда Өзбекстандын өкмөтү Афганистанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Сурхандарыя облустук акимчилиги кабарлады.

"Азык-түлүк, кийим-кече жана көмүр жүктөлгөн 63 вагондуу дагы бир поезд Термездеги чек ара бекети аркылуу Мазари-Шариф шаарына жөнөтүлдү", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өзбекстан 14-сентябрда Афганистанга азык-түлүк, медицина каражаттары жана кийим-кечеден турган 1300 тонналык гуманитардык жардам жөнөткөн.

15-декабрда БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Өзбекстандын Термез шаары аркылуу Мазари-Шарифке эки жүк унаасы менен гуманитардык жардам жөнөткөн.

Октябрдын ортосунда БУУ Афганистанга Өзбекстан аркылуу гуманитардык жардам бере турганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий