Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2-апрелде Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан менен мамлекеттик чек аралардын кесилишкен тилкелери боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Документ 5-январда Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынып, 29-мартта сенат колдогон. Үч тараптуу документке 2017-жылы 10-сентябрда Самаркандда Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан тышкы иштер министрлери кол коюшкан.
«Бул тарыхый документ, себеби мамлекеттик чек араларды укуктук жактан бекитүүгө чекит коёт», – деп билдирди сенаттын маалымат кызматы.
Келишимде Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын чек араларынын кесилишкен жерлери аныкталган. Мындан тышкары ал жерлер биргелешип түзүлгөн топтографиялык картага киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий